“Секторлор аралык кызматташууну жакшыртуу” жумушчу кеңешмесинин отуруму өткөрүлдү

2025-жылдын 4-февралында райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында раймамадминистрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызынын жетекчилиги астында “Секторлор аралык кызматташууну жакшыртуу” жумушчу кеңешмесинин отуруму өткөрүлдү.
Отурумга шаар мэринин орун басары, айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин төрагалары, медицина мекемелеринин жетекчилери, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана айылдык ден соолук комитетинин төрайымдары катышышты.
Катышуучуларга Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери Ассоциациясынын Жалал-Абад облусунун жугуштуу эмес оорулар боюнча координатору Нарынбетова Жайна Табалдиевна катышып, айылдык ден соолук комитеттеринин жугуштуу эмес ооруларды алдын алууда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат берип, слайд көрсөтүлдү.
Баарыбызга белгилүү болгондой акыркы учурларда жугуштуу эмес оорулар кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары, залалдуу шишик оорулары (онкология) жана дем алуу органдарынын оорулары көбөйүп жатат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча жалпы өлүм учурларынын 50%зы жугуштуу эмес оорулардан катталган. Райондо 2024-жыл ичинде адам өлүмү боюнча 443 учур катталса, анын ичинен 213 (48%) адам жугуштуу эмес оорулардан кайтыш болгондор.

Leave a Reply