2025-жылдын 19-февраль күнү райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында “Райондун калкынын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Координациялык комиссиянын” отуруму болуп өттү.
Координациялык комиссияда медицина мекемелеринин 2024-жылда аткарган иштери жана 2025-жылга коюлган милдеттер жөнүндө маселе каралды. Отурумда калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү, жаш дарыгерлер менен камсыздоо, калкты медициналык камсыздандыруу, эмдөө иштеринин жүрүшү, энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн алдын алуу иштери жөнүндө маселелер талкууланды.
Жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, тапшырмалар берилди.


