Биринчи орун басар Н.Кожобергенов жеке ишкер Турдубаева Гүлзинанын тоок фермасынын иши менен таанышты

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Токтогул шаарына караштуу Төө карын участкасындагы жеке ишкер Турдубаева Гүлзинанын тоок фермасынын иши менен таанышты.
Ишкер өзүнүн тоок фермасын кеңейтүү жөнүндө сунушу менен райондук мамлекеттик администрацияга кайрылган. Н.Кожобергенов ишкер тарабынан жүргүзүлүп жаткан аракеттер менен таанышкан соң, мындан нары жумушту ыкчам жана сапаттуу аткарууга көмөк көрсөтүүнү тиешелүү райондук мекемелердин жетекчилерине жана банк өкүлдөрүнө тапшырды.

Leave a Reply