Бүгүн Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында “Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлеринин кирешелерин жана мүлктөрүн декларациялоо өз учурунда жана так тапшыруусу, декларация тапшыруу процессин жөнгө салуу жана мыйзам бузууларды мындан ары болтурбоо жана алдын алуу иш чараларын күчөтүү боюнча” окуу-семинар өткөрүлдү.
Мындан сырткары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда жыйын өткөрүлүп, анда укук бузуулар жөнүндө кодексинин, укук бузуулардын реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө Убактылуу эреженин талаптарынын аткарылышы боюнча абалы каралып, жыйынтыгы менен аталган багытта ишти күчөтүлгөн тартипте алып баруу жагы милдеттендирилди.
Окуу-семинар жыйынына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, муниципалдык ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин төрагалары, мурунку чакырылыштын төрагалары, кеңештин катчылары жана укук бузуулар боюнча иш алып барган адистер катышты.




