Райондук мамлекеттик администрациянын социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү боюнча түзүлгөн Убактылуу комиссиянын отуруму болуп өттү.
Шаардык мэрияда жана айыл өкмөттөрүндө түзүлгөн социалдык маселелер боюнча комиссиянын кароосунан өткөн бизнес долбоорлор убактылуу комиссиянын мүчөлөрү тарабынан каралды.
2025-жылга районго бөлүнгөн квотага ылайык 469 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөгө мамлекет тарабынан социалдык жардам көрсөтүлөт.