Насостук станцияларда электр энергиясынын чыңалуу көйгөйлөрү чечилип, сугат суу берилди

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов райондогу тиешелүү мекеме жетекчилери менен Кетмен-Дөбө айыл аймагында жайгашкан М1, Чолпон-Ата 1, 2 насостук станцияларынын иштөө абалын жеринен көрдү. Насостук станцияларда электр энергиясына байланыштуу чыңалуу көйгөйлөрү чечилип, сугат суу берилди.

Leave a Reply