ТОКТОГУЛ РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫ

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик башкы жана улук кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
1) Башкы кызмат оруну үчүн:
• тиешелүү багыттагы жогорку билим;
• мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
2) Улук кызмат орундары үчүн:
• тиешелүү багыттагы жогорку билим;
• мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ:
1) Башкы кызмат оруну үчүн:
Жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республиксынын Конститутциялык мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Кызыкчылардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өзүн башкаруу мекемелериндеги маалыматтардын жеткиликтүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:
Аппарат жетекчи кызмат ордуна:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын;
2. Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамын;
3. “Элдик Курултай жөнүндө” Мыйзамын билүү.
2) Улук кызмат орундары үчүн:
Жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:
Экономика секторунун башкы адис кызмат ордуна:
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин;
2. Кыргыз Республикасынын “Электр энергиясы жөнүндө” Мыйзамын;
3. Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамын;
4. Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндө” Мыйзамын билүү.
5. Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамын;
6. Кыргыз Республикасынын “Автомобиль транспорту жөнүндө” Мыйзамын билүү.
Уюштуруу иштери башкы адис кызмат ордуна:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын;
3. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамын билүү.
КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР (АТАЙЫН ПАПКАДА ТИРКЕЛГЕН):
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Документтер 2025-жылдын 12-сентябрынан 25-сентябрь саат 17:30га чейин кабыл алынат. Иш убактысы саат 08:30дан 17:30га чейин.
Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат.
Дареги: Токтогул шаары, А.Суеркулов көчөсү № 1, 3-кабат, 5-кабинет.
Байланыш телефондор: 03747 5-00-27
Кокурс www.toktogul-admin.gov.kg сайтына жарыяланат.

Leave a Reply