“Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана кам көрүү” аттуу бир айлык акция жарыяланып, иш-чаралар планы бекитилди

1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата райондун аймагындагы карыларды колдоо максатында 2025-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин өткөрүлө турган “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана кам көрүү” аттуу бир айлык акция жарыяланып, иш-чаралар планы бекитилген.
Бекитилген иш-чаралар планына ылайык районжун аймагында 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата карыларга белек берүү, концерттик программа тартуулоо иштери өтүп жатат.
Ал эми райондук мекеме-ишкана жетекчилери өздөрүнө шефтикке бекитилген карылардын үйлөрүнө барышып кабар алышып, майрамдык маанай тартуулап жатышат.
Жалпы билим берүүчү мектептерде карыларга арналган “Карылар үйдүн куту”, “Карысы бардын ырысы бар” деген темаларда тарбиялык сааттар, балдар бакчаларында концерттик программалар болуп өттү.
Карыларга кам көрүү акциясы 15-октиябрга чейин уланат.

Leave a Reply