Жыйындын күн тартибинде:
1. Райондогу социалдык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгы;
2. “Жашыл-Мурас” Улуттук өнөктүгүнүн алкагында эгилген көчөттөрдүн абалы;
3. Кум-шагыл карьерлеринин абалы;
4. 2025-жылдын 30-ноябры Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо күнүнө карата даярдыктын жүрүшү жана ар кандай маселелер (таштандыга жана сууга болгон төлөмдөр, камсыздандыруу) каралды.
Жыйындын жүрүшүндө мектеп, бала бакча, ооруканалардын күз-кыш мезгилине карата көмүр менен камсыздалышы боюнча айыл өкмөт башчыларынан суралып, үстүбүздөгү жылдын 15-октябрына чейин толук камсыздоо мөөнөтү коюлду.
“Жашыл-Мурас” Улуттук өнөктүгүнүн алкагында эгилген көчөттөрдүн көктөшү боюнча маалымат берилип, кемчиликтерди жоюу, көктөбөй калган көчөттөрдүн ордун толуктоо боюнча шаардык мэрияга жана тиешелүү айыл өкмөттөрүнө тапшырмалар берилип, көзөмөлгө алынды.
Айыл аймактардагы муниципалдык ишканаларга кум-шагыл карьерлерин иштетүү боюнча уруксат кагаздарын берип, ишканага пайда түшүрүү маселеси тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин үгүт иштерине аралашпоо, аралашкан учурда мыйзам алдынча катуу жазаланары боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, мектеп директорлоруна катуу эскертилди.