Райондук мамлекеттик администрация тарабынан бекитилген графикке ылайык Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө жайгаштан Жаманкулов, Нурманбетов, Данканай, Жоомарт, Коргол, Турусбек орто мектептеринде өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштуулуктун, өз өмүрүнө кол салуунун, эрте никеге туруунун, жол транспорт кырсыктарынын жана өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштардын, үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу максатында жыйындар өттү.
Жыйындарга райондук мамлекеттик администрациянын, райондук прокуратуранын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери ошондой эле ата-энелер жана окуучулар катышышты.
Жогоруда аталган кызматкерлер тарабынан өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштуулуктун, өз өмүрүнө кол салуунун, эрте никеге туруунун, жол транспорт кырсыктарынын жана өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштардын, үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу максатында тиешелүү маалыматтар берилип, алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.