2025-жылдын 8-10-октябрь күндөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 1-октябрындагы №199-б буйругунун негизинде, Токтогул районунун аймагында жарандык коргонуу боюнча атайын машыгуу өтүүдө.
Бул машыгууга облустук Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарынын күч жана каражаттары тартылып, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өзгөчө кырдаалдарга жооптуу кызматтар, тийиштүү мекеме-ишканалар катышууда.
“Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда Жарандык коргонуунун башкаруу курамынын иш-аракеттерине” тиешелүү адистер тарабынан бааланып, өзгөчө кырдаал катталган учурда райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгы текшерүүгө алынууда.