Шайлоону таза өткөрүү жана мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча жыйын болуп өттү

Бүгүн, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын чоӊ жыйындар залында КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын Токтогул районук бөлүмүнүн демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү боюнча даярдыктын алкагында жыйын болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө КР УКМКнын Токтогул райондук бөлүмүнүн башчысы, подполковник Айылчиев Абдимитал Абдыгапарович сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону жогорку деӊгээлде, уюшкандыкта өткөрүүнү белгиледи. Ошондой эле, мамлекеттик, муниципалдык органдардын, мекеме-уюмдарынын жетекчилерине жана кызматкерлерине, мечиттердин имамдарына талапкерлердин үгүт иштерине аралашпоону, добуш сатуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырды. Шайлоо өнөктүгү учурунда бардык тараптар мыйзамды сактоого милдеттүү экенин баса белгилеп, ар кандай мыйзам бузууларга тез жана катаал чаралар көрүлөрүн эскертти.
Жыйынга Токтогул районунун акими Акылбек Алиякунович, КР УКМКнын Токтогул райондук бөлүмүнүн башчысы, подполковник Абдимитал Абдыгапарович, укук коргоо органдарынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары жана мечиттердин имамдары катышты.

 

Leave a Reply