Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын болуп өттү

Жыйында төмөнкү маселелер каралды:
1. Күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшүнүн абалы;
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүнө карата райондун аймагындагы УШКлардын даярдыгы.
Жыйындын жүрүшүндө район акими электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланыштуу талапкерлердин үгүт иштерине мамлекеттик органдардын жана мекеме-уюмдарынын кызматкерлерин аралашпоого чакырды.
Мындан сырткары район аймагындагы УШКлардын даярдыгынын абалын жеринен текшерип чыгуу тапшырмасын берди.
Иш-чарага шаар мэри, мамлекеттик органдардын, мекеме-уюмдардын жетекчилери, мектеп жана бала бакча директорлору катышты.

Leave a Reply