А.Суеркулов айыл айымагындагы №27 А.Мамыров атындагы орто мектебинин имаратынын курулуш иштеринин жүрүшүнүн абалын жеринен көрдү.
Мындан тышкары, Үч-Терек айыл аймагындагы Осмон-Ата сугат суу каналынын, Үч-Терек айылындагы 3 чакырым тротуардын курулушун, “Бактыкан апа” атындагы 75 орундуу бала бакчанын жаӊы имаратынын пайдубалын казуу иштерин жана Саргата айылындагы сел өтүүчү каналдардын, көпүрөлөрдү абалын жеринен көрүп, айыл өкмөт башчысына тиешелүү тапшырмаларды берди.
Ошондой эле, район акими Токтогул шаарындагы көмүр сатуучу пункттарда болуп, элге сатылып жаткан көмүрдүн наркын тоннасы 6,5 сомдон ашырбоону ишкерлерге тапшырды, район тургундарына белгиленген баа боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1500 тонна көмүр сатылды.








