Райондун акими Акылбек Алиякуновичтин жетекчилиги астында Токтогул шаарынын көчөлөрүн асфальттоо иштерине даярдык көрүү максатында көчөлөрдү башкы планга ылайык келтирүү, кеӊейтүү иштерин жүргүзүү боюнча комиссиянын курамына жыйын өттү

Жыйында Токтогул шаарынын көчөлөрүн кеӊейтүү, мыйзамсыз чегинен чыгып курулган курулуштарды жылдыруу боюнча аткарылуучу иш-чаралар талкууланды.
Аким тарабынан Комиссия курамына төмөнкү негизги милдеттер жүктөлдү:
• Токтогул шаарынын көчөлөрүн башкы планга ылайык кеӊейтүү максатында мыйзамсыз чегинен чыгып курулган объектилерди аныктоо жана мыйзам чегинде жылдыруу боюнча чараларды көрүү;
• Чегинен чыгып курулган объектилердин ээлерине эскертүүлөрдү берүү;
• Токтогул шаарынын көчөлөрүн кеӊейтүү иштерин 2025-жылдын 26-декабрына чейин бүткөрүү.
Жыйындын жыйынтыгында коюлган тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу белгиленди.

Leave a Reply