Урматтуу Токтогул районунун тургундары!

2026-жылдын 4-февралында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын расмий фейсбук баракчасына райондун аталышын «Кетмен-Төбө району» деп өзгөртүү жөнүндө район тургундарынын ой-пикирин билүү, ошондой эле иштин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында маалымат жарыяланган.
Маалымат жарыялангандан кийин райондун бир катар тургундары социалдык тармактар жана вотсап тайпалары аркылуу өз пикирлерин активдүү билдиришти.
Тургундар тарабынан айтылган ой-пикирлер эске алынып, Токтогул районунун аталышын «Кетмен-Төбө району» деп өзгөртүү же өзгөртүүсүз калтыруу маселеси боюнча жогорку органдарга тиешелүү маалыматтар берилет.
Белгилей кетсек, учурда Токтогул районунун аталышын «Кетмен-Төбө району» деп дароо өзгөртүү боюнча эч кандай расмий чечим же тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлгөн жок.
Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы

Leave a Reply