Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А. Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
– Айыл аймактардагы таза суу маселеси;
– Сугат суунун абалы;
– Жайыт маселеси;
– Бруцеллез оорусунун абалы;
– Айыл чарбасын каттоонун жүрүшү жана ар кандай маселелер каралды.
Жыйынга райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары, муниципалдык ишканалардын директорлору жана айыл аймактардагы ветеринардык дарыгерлер катышты.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү жетекчилер, кызматкерлер маалымат берип, көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды. Айрыкча таза суу жана сугат суу маселелерин өз убагында чечүү, жайыттарды натыйжалуу пайдалануу, пландоо, бруцеллез оорусунун алдын алуу боюнча ветеринардык иштерди күчөтүү, ошондой эле айыл чарбасын каттоо иштерин сапаттуу жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мекеме-уюмдарга, айыл өкмөттөрүнө протоколдук тапшырмалар берилип, аткарууну көзөмөлдөө милдеттендирилди.

Leave a Reply