АРИСтин Жашоо Каражаттарын Колдоо Программасы алкагында бизнес көндүмдөр боюнча 2023-жылдын май айынан тартып жергиликтүү коомчулуктун аярлуу топтору жана бизнеске кызыккан жашоочулары үчүн сериялуу тренингдер өткөрүлүп келүүдө.
Тренингдин жүрүшүндө бизнесин ийгиликтүү ишке ашырып жаткан ишкерлер Ажиматова Наргиза конок үйү боюнча, ал эми Белекбеков Сыргак “жумуртка багытындагы тоок багуу” боюнча насаатчылык кеп кеңештерди жана ишкердикти жасоодогу тажрыйбалары менен бөлүшүп, катышуучулар кызыккан суроолоруна жоопторду беришти.
Тренингде “КР Тынчтык Корпусунун волонтеру, Туризм маркетинги боюнча адис Адам МакЭри, меймандостук, туризм индустриясында бизнес операциялары боюнча кенен токтолуп айтып берди.
Ошондой эле кулпунай багуу боюнча тажрыйбаны Көтөрмө айылындагы Жайлообек уулу Талантбектин кулпунай багын жеринен коруп таанышып, суроолоруна алгылыктуу жоопторду ала алышты.