“СЭС Токтогул” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан “Жалал-Абад облусунун Токтогул суу сактагычына кубаттуулугу 620 МВт “РV” калкып жүрүүчү фотоэлектр паркын куруу” долбоору ишке ашыруулуда

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин колдоосу менен “СЭС Токтогул” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан “Жалал-Абад облусунун Токтогул суу сактагычына кубаттуулугу 620 МВт “РV” калкып жүрүүчү фотоэлектр паркын куруу” долбоору ишке ашыруулуда. Мындан сырткары долбоордун алкагында көлдүн жээгине 500 кВА подстанцияны, кампаны, курулуш шаарчасын, 49 км чубалгыларды куруу пландаштырылган. 2024-жылдын 3-августунда ишкерлер суу…

Толук окуу…

2024-жылдын 2-августунда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) колдоосу менен “Белек” эс алуу борборунда “Өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу үчүн Токтогул районунун креативдүү жана туристтик потенциалын талдоо” темасында тегерек стол өттү

Тегерек столго райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А.Тюкебаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын башчылары, музейлердин жетекчилери, райондун аймагындагы жеке ишкерлер, ошондой эле Россия Федерациясынын эксперттери К. Гаранин, Е. Биктимирова, Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондусунун өкүлдөрү, БУУнун Өнүктүрүү программсынын (ПРООН) өкүлү В. Петрова, “Аялдар тынчтык банкы” коомдук бирикмесинин директору…

Толук окуу…

Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулуп, өткөрүлдү

2024-жылдын 3-августунда Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгүндөгү жол жээгиндеги, Токтогул шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү бак-дарактар иретке келтирилип, таштандылар чыгарылды. Ишембиликке Токтогул шаардык мэриясынын, ишкана, мекеме, уюмдардын кызматкерлери активдүү катышышты.

Толук окуу…

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомун аткаруу иштери

Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясында башчы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында Суу боюнча көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн райондук штабдын 2-отуруму болуп өттү. Отурумга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук агрардык өнүктүрүү…

Толук окуу…

Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушу боюнча даярдыктын жүрүшү

Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушу боюнча даярдыктын жүрүшүнө карата Токтогул районунун Сары-Камыш, Толук, Э.Иманалиев айыл өкмөтүнө тиешелүү жайыт, айдоо жерлери, көпүрөлөр, жайыт жолдору, тарыхый маданий эстеликтер ж.б.курулуш үчүн пайдаланышына карата кеңешме болуп өттү. Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергенов баштаган райондун өкүлдөрү жана эл аралык “Смек интернейшнл”…

Толук окуу…

Коопту аймактарды ошол менен коргоо аймактарында курулган обьектилерди аныктоо жөнүндө” N399 буйругун аткаруу боюнча иштер жургузулду

Бүгүн, Токтогул райондук мамлекетиик администрациясынын 2024-жылдын 23-июлундагы “Коопту аймактарды ошол менен коргоо аймактарында курулган обьектилерди аныктоо жөнүндө” N399 буйругун аткарууда түзүлгөн комиссия курамы менен башчы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов жыйын өткөрүп, андан соң “Чычкан” капчыгайында жайгашкан жеке менчик (кафе, ашкана, эс алуу жайлары) ишканаларды жеринен карап чыкты жана жыйынтыгында жеке…

Толук окуу…

АРИСтин ЖККП алкагында бизнес көндүмдөр боюнча жергиликтүү коомчулуктун аярлуу топтору жана бизнеске кызыккан жашоочулар үчүн тренингдер өтүлүп келүүдө

АРИСтин ЖККП алкагында бизнес көндүмдөр боюнча 2023-жылдын май айынан тартып жергиликтүү коомчулуктун аярлуу топтору жана бизнеске кызыккан жашоочулар үчүн сериялуу тренингдер өтүлүп келүүдө. Бул сапар Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын Ничке-Сай айылында өттү. Тренингдин жүрүшүндө бизнесин ийгиликтүү ишке ашырып жаткан ишкерлер Бейшеканова Диана конок үйү боюнча, Саматова Гулжамал кол онорчулук боюнча,…

Толук окуу…

Муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринин квалификациясы жогорулады

Муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринин квалификациясы жогорулады Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу Академиясы тарабынан 2024-жылдын 25-26-июль күндөрү “Муниципалдык ишкананын ишин уюштуруу жана сатып алууларын уюштуруунун эрежелери” аталышындагы тренинг уюштурулду. Жогоруда аталган тема боюнча Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу Академиясынын тренерлери Ж.Тукеналиева жана У. Мурадилов муниципалдык ишканалардын кызматкерлерин теориялык жана практикалык методдор менен окутту. Тренингке…

Толук окуу…

Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Кырк-Казык калктуу конушундагы сел өтүүчү жайларга алдын алуу чараларын көрүү жөнүндө айыл өкмөтүнө жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмчөсүнө тапшырмалар берилди

Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Кырк-Казык калктуу конушундагы сел өтүүчү жайга жакын жайгашкан турак жайлардын абалын жеринен көрүп, коопсуз жайларга көчүрүү, алдын алуу чараларын көрүү жөнүндө айыл өкмөтүнө жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмчөсүнө тапшырды.

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер адистери, тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери менен жыйынт өттү

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Э.Төрөбаев тарабынан 2024-жылдын 24-июлунда берилген тапшырмасын аткаруу максатында, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер адистери, тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери менен жыйынт өттү.…

Толук окуу…