Райондун аймагында ишембилик уюштурулду

20.07.2024-ж. райондун аймагында ишембилик уюштурулуп, Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү тазаланды. Ишембиликке райондогу мамлекеттик органдардын, мекеме, ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери катышты.

Толук окуу…

Бизнес көндүмдөр боюнча жергиликтүү коомчулуктун аярлуу топтору жана бизнеске кызыккан жашоочулар үчүн тренинг уюштурулду

АРИСтин ЖККП алкагында бизнес көндүмдөр боюнча жергиликтүү коомчулуктун аярлуу топтору жана бизнеске кызыккан жашоочулар үчүн тренинг уюштурулду. Тренингдин жүрүшүндө бизнесин ийгиликтүү ишке ашырып жаткан ишкерлер Ажиматова Наргиза конок үйү, Белекбеков Сыргак “жумуртка багытындагы тоок багуу” боюнча ишкердик жасоодогу тажрыйбалары менен бөлүшүп, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти. Тренингде КР Тынчтык Корпусунун волонтеру,…

Толук окуу…

Эскилиги жеткен электр мамычалары алмаштырылууда

Токтогул райондук электр тармактары ишканасы тарабынан Абды Суеркулов айыл аймагынын Торкен айылында эскилиги жеткен 60 даана электр мамычаларын алмаштыруу иш аракеттери жүргүзүлүүдө.

Толук окуу…

Селдин кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берилди

2024-жылдын 17-18-июль күндөрү райондун аймагында катуу жаан-чачын жаап, жыйынтыгында Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Саргата, Үч-Терек айылдарында сел жүргөн. Башчы-аким жеринен барып таанышып жергиликтүү айыл өкмөт башчысына селдин кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле А.Суеркулов айыл аймагынын Торкен айылында Чоң-Арык каналында жүргөн селдин тазалоо боюнча иштери райондук суу…

Толук окуу…

Райондун туризм тармагынын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

18.07.2024-ж. райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында “Аялдар тынчтык банкы” КФ жана БУУӨПтун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен “Токтогул районунун туристтик жана креативдик потенциалын изилдөө” аталышындагы онлайн форматта жолугушуу жыйыны болуп өттү. Онлайн жыйында Токтогул районунда туризм тармагын өнүктүрүү боюнча БУУӨПтун Кыргзстандагы өкүлчүлүгү тарабынан чет элдик туризм боюнча эксперттер Г.Константин жана…

Толук окуу…

ВИЧ, АИВ жана СПИД жугуштуу ооруларын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш аракети жүргүзүлдү

Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы Токтогул ЖДПБ кызматкерлери менен биргеликте ВИЧ, АИВ жана СПИД жугуштуу ооруларын алдын алуу боюнча Токтогул районунун Кызыл-Туу, Кара-Тектир айылдарынын тургундарына түшүндүрүү иш аракетин жүргүзүшүп, эскертүү баракчаларын таркатышты.

Толук окуу…

Үч-Терек айыл аймагында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлдү

Июль айында жаан чачын көп болуп, селдер жүрүп, селдин кесепеттерин жоюуда бүгүнкү күндө Үч-Терек айыл аймагындагы Карды-Жарык каналын жергиликтүү айыл башчы, активисттер болуп тазалоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.

Толук окуу…

Токтогул шаарынын жашоочуларынын кайрылуулары боюнча жеринен көйгөйлөр каралды

16.07.2024-ж. башчы-аким Токтогул районунун Токтогул шаарынын жашоочуларынын кайрылуулары боюнча шаардын мэри, тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери жана адистери болуп жеринен көйгөйлөрдү карап чыгышты. Жыйынтыгында талаш тартыш, экология, жерлерди мыйзамсыз басып алуу, ички арыктар боюнча маселелер каралып шаардын мэрине жана мекеме ишкана жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилди, ал эми мыйзамды бузуп жаткан жарандарга…

Толук окуу…

1,0 га кара куурай өскөн жерди чабуу жана өрттөө иштери аткарылды

Токтогул районунун аймагында “МАК-2024” банги заттарынын мыйзамсыз айлануусуна жана бангиликтин жайылышына тыюу салуу чараларды көрүүдө Кетмен-Дөбө айыл аймагынын, Чолпон-Ата айылынын Күн-Тийбес жана Кушчу-Суу участкаларында жергиликтүү айыл башчылары жана Токтогул РИИБнүн участкалык инспекторлору болуп 1,0га кара куурай өскөн жерди чабуу жана өрттөө иштери аткарылды.

Толук окуу…

Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан Токтогул токой чарбасынын Чычкан токойчулугунда текшерүү жүргүзүлдү

Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура” жөнүндөгү мыйзамынын талаптарын так жана туура аткарылышы боюнча Токтогул токой чарбасынын Чычкан токойчулугунда текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Токтогул токой чарбасынын Чычкан токойчулугунун “Кичи-Арым” участогунун 55 кварталынын 29-бөлүгүнөн Токтогул шаарынын тургуну Т.С. тарабынан өз алдынча жердин ээси болгон Токтогул токой…

Толук окуу…