АРИСтин ЖККП алкагында бизнес көндүмдөр боюнча жергиликтүү коомчулуктун аярлуу топтору жана бизнеске кызыккан жашоочулар үчүн тренинг уюштурулду.
Тренингдин жүрүшүндө бизнесин ийгиликтүү ишке ашырып жаткан ишкерлер Ажиматова Наргиза конок үйү, Белекбеков Сыргак “жумуртка багытындагы тоок багуу” боюнча ишкердик жасоодогу тажрыйбалары менен бөлүшүп, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.
Тренингде КР Тынчтык Корпусунун волонтеру, туризм маркетинги боюнча адиси Адам МакЭри меймандостук, туризм индустриясында бизнес операцияларын жүргүзүү боюнча маалымат менен бөлүштү.
Бел-Алды айылынын тургуну, жеке ишкер Тияншанов Бакыткелди балык багуунун сырлары жөнүндө тренингдин катышуучуларына кенен маалымат берди.
Тренинг Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу ишке ашырган, Дүйнөлүк банк каржылаган “CASA-1000. Жергиликтүү коомчулуктуу колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.




