Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура” жөнүндөгү мыйзамынын талаптарын так жана туура аткарылышы боюнча Токтогул токой чарбасынын Чычкан токойчулугунда текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Токтогул токой чарбасынын Чычкан токойчулугунун “Кичи-Арым” участогунун 55 кварталынын 29-бөлүгүнөн Токтогул шаарынын тургуну Т.С. тарабынан өз алдынча жердин ээси болгон Токтогул токой чарбасынан жана курулуш курууга уруксат берүүчү Токтогул районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан уруксат кагаздарын албастан туруп, 120 чарчы метр жер тилкесине капиталдык курулуш куруп алгандыгы аныкталган.
Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамын жана Токой Кодексинин талаптарын одоно түрдө бузулгандыгы жана жерди баштапкы калыбына келтирүү максатында райондук прокуратурасы тарабынан колдонуудагы мыйзамдардын алкагында Токтогул токой чарбасынын деректоруна прокурордук акт Талап келтирилген.
Келтирилген талаптын негизинде Токтогул шаарынын тургуну Т.С. тарабынан мыйзамсыз курулган курулуш толугу менен бузулуп, аталган жер тилкеси баштапкы калыбына келтирилди.