2025-жылдын 28-март күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациянын алдындагы
коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу маселелери боюнча Координациялык кеңешменин отуруму болуп өттү.
Күн тартибинде:
1. Токтогул районунун айыл аймактарындагы мыйзамсыз курулган курулуштарды аныктоо жөнүндө аткарылган иштер;
2. Токтогул шаардык мэрия жана айыл өкмөттөрдүн карамагында турган жер тилкелерине толук кандуу инвентаризация жүргүзүү менен муниципалдык менчикке алынбаган жер тилкелерин баланска алууф жөнүндө маселелер каралды.
Аталган маселелер жөнүндө райондук мамлкеттик администрациясынын кызматкерлери тарабынан маалыматтар берилип, талкууланды.
Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев тарабынан күн тартибиндеги маселелер боюнча тапшырмалар берилип, атайын мөөнөттөр коюлду.



