Бек Борбиев
Бек Борбиев (т.ж 24-сентябрь 1969, Торкен, Токтогул району, Жалал-Абад облусу, СССР) – обончу, эстрада ырчысы.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2008), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2021).
Эгемендүүлүктөн кийинки кыргыз эстрадасынын түптөлүшүнө зор салым кошкон ырчы, обончу.
Өмүр баяны
Бек Борбиев 1969-жылы 24-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда туулуп, Торкен айылында чоңойгон.
Билими:
- 1991-жылы — политехникалык институттун инженер жол куруучу бөлүмүн аяктаган;
- 1999-жылы — искусство жана маданият институтунун уюштуруучу-менеджер факультетин аяктаган;
- 2001-жылы — Кыргыз мамлекеттик транспорт, курулуш жана архитектура университетинен бажы кызматкери адистиги боюнча билим алган;
Иш тажрыйбасы:
- 2002-2010 — бажы кызматкери.
- 2010-2012 — Интеллектуалдук менчик боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчи орун басары.
Чыгармачылыгы:
Ырчы 1990-жылдары “Тазасы барбы?”, “Делбирим”, “Замандаш”, “Шерине” жана башка ырлары менен эл оозуна алынган. Учурда ырларынын саны 500гө чамалайт.
2011-жылы өзү продюсерлик кылган “Мен сүйгөн карагат” тасмасына тартылган.
Авидографиясы
“Ыр десте”, “Досторго”, “Балдыз”, “Кытайлык кыргыз кызына”, “Махабат”, “Жомок”, “Казак кыз”, “Чабалекей”, “Делбирим”, “Эркинай”, “Жаңы жыл”, “Пери”
Тасмаграфиясы
- Мен сүйгөн карагат
Жеке жашоосу
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Сыйлыктары жана наамдары
- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти;
- Республикалык Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси;
- Кыргыз Республикасынын эл артисти