Роза Аманова
Роза Аманова -ырчы, дастанчы, комузчу. КР Эмгек сиңирген артисти (1998), Кыргыз Республикасынын Эл артисти (2009), Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2011).
Өмүр баяны
Токтогул районунун Токтогул шаарчасында 1973-жылы 23-февралда туулган.
1991-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы/М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын,
1993-жылы /Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун,
1997-жылы Кыргыз улуттук консерваториясын бүтүргөн.
1998-жылы Курмангазы атындагы Казакстан мамлекеттик консерваториясынын «Казак музыкасы жана дүйнөлүк музыканы изилдөө» кафедрасына аспирантурага кабыл алынган.
1999–2000-жж. Кыргыз Республикасынын Улуттук консерваториясынын Салттуу музыка жана фольклор кафедрасынын окутуучусу,
2004-жылы өзү уюштурган Салттуу музыкалык борбордун жетекчиси,
2008-2018-ж.ж Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде доцент, профессор.
2006-жылы Искусство таануу илимдеринин кандидаты,
2017-жылы Искусство таануу илимдеринин доктору.
Ал «Мен сени сагынгым келет», «Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо», ж.б. обондордун автору. «Курманбек», «Олжобай менен Кишимжан» аттуу эпосторду айткан дастанчы. Бир нече оозеки адистик музыкага багытталган илимий макалалардын, жети компакт-дисктин (анын ичинен “Курманбек” эпосунун толук айтылышы – 5 компакт-диск) автору.
Аткарылып жүргөн чыгармалары
- «Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо» с. Барпыныкы
- «Мен сени сагынгым келет» с А.Өмүркановдуку
- «Ооган ыйы» с. К.Иманалиевдики
- «Мен да сенин таалайыңа жазылгам» с. Б.Чотурованыкы
- «Алматыга бараткан кыз» с. Р.Аманованыкы