Райондо “Улуттук тазалык күнү” өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында райондо тазалык күнү белгиленген.
Райондун аймагында ишембилик тиешелүү деңгээлде уюштурулуп, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергеновдун көзөмөлүндө, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, кызматкерлери жана райондун тургундары ишембиликке катышты.
Ишембиликтин алкагында Бишкек-Ош автоунаа жолунун жээги, жер-жерлердеги мекемелердин жана турак жайлардын, социалдык объектилердин короосу жана көчөлөр тазаланды.
Таштандыралды чыгаруу үчүн атайын техникалар тартылып, таштандылар чыгарылууда.

Leave a Reply