23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгы менен Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев куттуктайт

Кымбаттуу Токтогул районунун тургундары! Урматтуу мекендештер!
Сиздерди 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!
Улутубуздун башкы дөөлөттөрүнүн бири болгон мамлекеттик тилибиз – кыргыз тили кылымдарды карыткан улуу тил. Бабаларыбыз басып өткөн жолунда далай кубаныч менен кайгыны өткөрсө да, тилин жоготпой, тили аркылуу салт-санаа, үрп-адаттарын, кыргыздын улуу дастандарын, ооз эки чыгармаларын, уламыштарын, макал-лакаптарын муундан муунга өткөрүп сактап келишкен. Андыктан, кыргыз тили көз карандысыз Кыргыз мамлекетибиз үчүн мааниси өтө жогору.
Кымбаттуу мекендештер!
Тил – улуттун баалуулугу жана байлыгы. Айрыкча ааламдашуу доорунда башка тилдерди да өздөштүрүү менен катар эне тилибизди жогорку деңгээлде билүүбүз өтө маанилүү. Андыктан баарыбыз кыргыз тилин аздектеп, улуттун улуу тилин сактайлы.
Дагы бир жолу сиздерди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, өлкөбүзгө биримдик, тынчтык, өнүгүү каалайм.
Сиздерди терең урматтоо менен,
Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев
Возможно, это изображение 1 человек и текст

Leave a Reply