Бүгүн, Токтогул шаарынын эс алуу багында 7-апрель Элдик революциясын эскерүү иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө эс алуу багында апрель революциясынын баатыры А.Жанышбаевге орнотулган эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окулуп, залп атылды.
Райондогу Апрель революциясынын катышуучуларына жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүлдү.
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, апрель революциясынын катышуучулары, мекеме, ишкана жетекчилери катышты.
Райондун аймагында жер-жерлерде жарнактар илинип, китепканаларда, мектептерде эскерүү жыйындары, тематикалык көргөзмөлөр уюштурулуп, класстык сааттар өткөрүлдү.