Республикалык деңгээлдеги балдар жана өспүрүмдөр арасындагы мелдеш болуп өттү

2024-жылдын 8-9-10-июнь күндөрү Токтогул шаарынын кичи футбол аянтында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” №1 Жарлыгынын алкагында Токтогул районунун оор атлетика боюнча ачык биринчилигинин республикалык деңгээлдеги балдар жана өспүрүмдөр арасындагы мелдеши болуп өттү.
Мелдешке Казакстан Республикасынан, Бишкек шаарынан, Ош, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын райондорунан курама командалары катышышты. Иш чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, Токтогул районунун 4-Олимпиада оюнунун катышуучулары спортчуларга ийгиликтерди каалашты.
Жеңүүчүлөргө дипломдор, медалдар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Leave a Reply