“Шахмат мектеби” ачылды

2024-жылдын 22-июнунда Токтогул райондук шахмат федерациясы тарабынан “Шахмат мектеби” ачылды. Шахмат-спорттун түрү, көркөм өнөр, илим жана логикалык оюн болуп эсептелет. Шахмат – дүйнөдөгү эң атактуу оюндардын бири, болжол менен 2 миң жыл мурун пайда болгон.
Иш-чарага Жалал-Абад областтык, Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын шахмат федерациясынын өкүлдөрү А. Макаимов, Т. Романов, М. Калпакбаев, райондук шахмат федерациясынын мүчөлөрү К. Райымбеков, К. Мураталиев, М.Корошов, эмгек ардагерлери жана шахмат сүйүүчү мектеп окуучулары катышты. Иш-чарага катышкандар куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, шахмат мектебине мындан ары ийгиликтерди каалашты.
“Шахмат мектебин” областтык шахмат федерациясынын вице –президенти, райондук шахмат федерациясынын төрагасы Д. Курбаналиев жетектейт. Майрамдык салтанатка карата шахмат оюну боюнча турнир өткөрүлдү.
Шахмат мектеби райондогу №39 А. Бердалиев атындагы кесиптик лицейдин 2-окуу корпусунда ачылды. Шахмат сүйүүчүлөр үчүн атайын орундуктар даярдалып, шарттар түзүлгөн. Шахмат оюнуна кызыккан мектеп окуучулары, жаштар катталып, атайын ийримге катышса болот.

Leave a Reply