2024-жылдын 2-декабрь күнү райондук мамлекеттик администрациясынын чоӊ жыйындар залында Дүйнөлүк банк каржылаган “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоору жөнүндө жыйын өттү.
Жыйында “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоорунун максаты жана мүмкүнчүлүктөрү туурасында Агробизнестин атаандыштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Беков Торогул Ниязович маалымат берип, дыйкан-фермерлердин суроолоруна жооп берди.
Жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын, Токтогул токой чарбасынын, райондук ветеринардык башкармалыктын жетекчилери, айыл башчылар жана райондогу алдыӊкы дыйкан-фермерлер катышты.