1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу чыгып, иш чаралар планы бекитилген. Бекитилген иш чаралар планына ылайык райондун аймагында 2023-жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин бир айлык өнөктүк жарыяланып, медицина кызматкерлери тарабынан СПИД илдети боюнча мектептерде мектеп окуучуларына, ата-энелерге, балдар бакчаларынын тарбиячыларына окуу семинарлар, тегерек столдор өтүлдү.
Китепканаларда атайын бурчтар уюштурулуп, СПИД илдети тууралуу окурмандарга маалыматтар берилди.
2023-жылдын 1-декабрь күнү Токтогул шаарында медицина кызматкерлеринин жана мектептердин жогорку класстарынын окуучулары катышкан жөө жүрүш болуп өттү. Жөө жүрүштүн катышуучулары Токтогул шаарынын борбордук аянтында СПИДге каршы флешмоб өткөрүштү жана мектеп окуучулары тарабынан СПИД илдетинин зыяндуулугу жөнүндө чакан сценарийлер көрсөтүлдү. Мындан сырткары мектептер арасында СПИД жөнүндө дубал гезиттер боюнча конкурс жарыяланып, жеңүүчүлөр Токтогул ЖДПБнун грамоталары менен сыйланды.