Ишкердик субъекттердин укуктарын коргоо багытында жыйын өттү
2023-жылдын 15-декабрында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында райондук прокуратуранын демилгеси менен ишкердик субъекттердин укуктарын коргоо багытында жыйын өттү. Жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын, Токтогул шаардык мэриясынын, КР Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул райондук башкармалыгынын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик-санитардык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрү, жеке ишкерлер катышты.…



