Иш-чарада Токтогул шаарынын борбордук аянтында манасчы жана семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун эстелиги ачылып, ага багышталып куран окулду.
Райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан манасчы жана семетейчиге арналып театралдаштырылган программа тартууланды.
Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана котормочу Карбалас Бакиров, филология илимдеринин кандидаты, доцент А.Айталиева, Токтогул шаардык кеңешинин депутаттары, Жаңыбай Кожек уулунун урпактары катышышты.