Чынгыз Айтматовго 95 жыл

Кыргыз элинин залкар жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата “Биз дүйнөнү өзгөрттүк, дүйнө бизди өзгөрттү” аталыштагы адабий-музыкалуу, илимий конференция Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясында өттү.
Аталган иш-чарага Н.Бримкулов, Токтогул, А.Иманбаев, Жоомарт, И.Алымбеков, М.Нургазиев атындагы орто мектептеринин жана райондук балдар чыгармачылык үйүнүн мугалимдери, окуучулары катышты.
Иш-чарада окуучулар Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча даярдалган инценировкаларды, обондуу ырларды, бийлерди, Манас эпосунан үзүндүлөрдү жана көркөм окуларды жогорку чеберчилик менен аткарышты. Ошондой эле бардык мектептердин окуучулары тарабынан жасалган кол эмгектер көргөзмөгө коюлду.
Аталаган иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары А.Нават кызы катышып, иш-чаранын активдүү катышуучуларына райондук мамлекеттик администрациянын сыйлыктарын тапшырды.

Leave a Reply