2023-жылдын 15-декабрында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында райондук прокуратуранын демилгеси менен ишкердик субъекттердин укуктарын коргоо багытында жыйын өттү.
Жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын, Токтогул шаардык мэриясынын, КР Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул райондук башкармалыгынын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик-санитардык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрү, жеке ишкерлер катышты.
Жыйында райондун прокурорунун орун басары Э.Эльчибеков, прокурордун улук жардамчысы А.Бекбооев тарабынан ишкерлердин укуктары, милдеттери жөнүндө, ошондой эле мыйзамсыз текшерүүлөр жана башка маселелер боюнча маалыматтар берилди.
Ишкерлер тарабынан берилген суроолорго тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү жооп беришти. Ишкерлер тарабынан сын пикирлер, сунуштар айтылды.