1-декабрь – бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү

1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу чыгып, иш чаралар планы бекитилген. Бекитилген иш чаралар планына ылайык райондун аймагында 2023-жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин бир айлык өнөктүк жарыяланып, медицина кызматкерлери тарабынан СПИД илдети боюнча мектептерде мектеп окуучуларына, ата-энелерге, балдар бакчаларынын тарбиячыларына окуу семинарлар, тегерек столдор өтүлдү.…

Толук окуу…

Айыл чарба азыктарынын жарманкеси өткөрүлдү.

Токтогул шаарынынын борбордук аянтында райондук мамлекеттик администрация тарабынан ар жума күндөрү айыл чарба азыктарынын жарманкеси уюштурулууда. Жарманкеде жергиликтүү дыйкандардын жашылча-жемиштери, балчылардын бал азыктары шаар тургундарына сунушталууда.

Толук окуу…

ККМ аппаратын колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгы менен биргеликте ККМ аппаратын колдонуу боюнча жергиликтүү ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү.  

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү.

Коллегиянын күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды: 1. Токтогул райондук маданият бөлүмүнүн ишмердүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын аткарылышынын абалы; 2. Райондун калкын жана экономика тармактарын 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 6-июнундагы №247 буйругунун аткарылышы; 3. Райондун аймагында 2023-жылга айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйым-терим иштерин аяктоо жана күздүк…

Толук окуу…

Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Б.А.Бекболотовдун Токтогул районундагы Афган согушунун, Баткен окуясынын, Чернобыль АЭСнын ардагерлери жана кыргыз-тажик окуясынын катышуучулары менен жолугушуусу

2023-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Б.А.Бекболотов Токтогул районундагы Афган согушунун, Баткен окуясынын, Чернобыль АЭСнын ардагерлери жана кыргыз-тажик окуясынын катышуучулары менен жолугушту. Жолугушууда дүйнө жүзүндө болуп жаткан кырдаалдар, Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн материалдык-техникалык базасы жаңыланып жаткандыгы жөнүндө маалымат берилип, Баткен, Афган, Чернобыль окуясынын ардагерлерине берилүүчү социалдык жардамдарды жакшыртуу максатында аракеттер…

Толук окуу…

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

ТОКТОГУЛ РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫ “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.   КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:   1) Улук кызмат орундары үчүн: тиешелүү багыттагы жогорку билим; мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес…

Толук окуу…

Ничке-Сай айыл аймагындагы жаңы мектептин имаратынын жана көпүрөнүн курулушу.

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Ничке-Сай айыл аймагындагы А.Шабданов атындагы 225 орундуу жаңы мектептин имаратынын жана көпүрөнүн курулуш иштеринин жүрүшүнүн абалына көзөмөл жүргүздү.

Толук окуу…

2022-2023 карата Токтогул району боюнча социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр

Экономикалык көрсөткүчтөр 4.1. Айыл аймактар боюнча айыл чарба жерлер             Айыл  аймактардын аты Жалпы, га Анын ичинде Сугат жерлер Кайрак Бак Чөп чабынды Жайыт Чолпон-Ата а/а 62501 517 551 2 1003 60428 Кетмен-Төбө а/а 48455 646 1100 26 1170 45513 Жаңы-Жол  а/а 52173 1303 1703 60 1740 47367 Торкен а/а…

Толук окуу…