Токтогул шаарынын эс алуу багында 7-апрель Элдик революциясын эскерүү иш-чарасы болуп өттү

Бүгүн, Токтогул шаарынын эс алуу багында 7-апрель Элдик революциясын эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө эс алуу багында апрель революциясынын баатыры А.Жанышбаевге орнотулган эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окулуп, залп атылды. Райондогу Апрель революциясынын катышуучуларына жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүлдү. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, апрель революциясынын катышуучулары,…

Толук окуу…

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоорунун” жетекчилиги менен жолугушуу болуп өттү

4-апрель 2024-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган Хельветас жана Өнүктүрүү саясаты институту тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоорунун” жетекчилиги менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоору тарабынан 2019-жылдын 2023-жылдар аралыгында Токтогул шаарында жана Кетмен-Дөбө, А.Суеркулов, Үч-Терек айыл…

Толук окуу…

“SEDEP” долбоору – туризмди, креативдүү индустрияны өнүктүрүү, туристтик инфраструктураны жакшыртуу

4-апрель 2024-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында “Аялдар тынчтык банкы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Г. Абытова райондук мамлекеттик администрациясынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жана жеке ишкерлерди “SEDEP” долбоору менен тааныштырды. Долбоордун алкагында туризмди, креативдик индустрияны өнүктүрүү, долбоорлорду даярдоо, туристтик инфраструктураны жакшыртуу боюнча тренингдер болору белгиленди. Конок үйлөрдү, жаңы…

Толук окуу…

Э.Иманалиев айыл аймагынын жашоочуларынын кайрылуусу жеринде каралды

3-апрель 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А.Тюкебаев Э.Иманалиев айыл аймагынын жергиликтүү жашоочулардын кайрылуусу боюнча жерине барып, айыл өкмөт башчысы, тиешелүү мекеме ишкананын жетекчиси болуп кайрылууну карап чыкты. Жыйынтыгында акт түзүлүп, түзүлгөн актынын негизинде айыл өкмөт башчысына жана тиешелүү мекеме ишканаларга тапшырмаларды берди.

Толук окуу…