“SEDEP” долбоору – туризмди, креативдүү индустрияны өнүктүрүү, туристтик инфраструктураны жакшыртуу

4-апрель 2024-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында “Аялдар тынчтык банкы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Г. Абытова райондук мамлекеттик администрациясынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жана жеке ишкерлерди “SEDEP” долбоору менен тааныштырды.
Долбоордун алкагында туризмди, креативдик индустрияны өнүктүрүү, долбоорлорду даярдоо, туристтик инфраструктураны жакшыртуу боюнча тренингдер болору белгиленди. Конок үйлөрдү, жаңы туристтик маршруттарды ачуу, гиддерди даярдоо, кол өнөрчүлүк продукцияларын өндүрүү, сатуу жана башка маселелер боюнча маалыматтар берилди.

Leave a Reply