“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоорунун” жетекчилиги менен жолугушуу болуп өттү

4-апрель 2024-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган Хельветас жана Өнүктүрүү саясаты институту тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоорунун” жетекчилиги менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоору тарабынан 2019-жылдын 2023-жылдар аралыгында Токтогул шаарында жана Кетмен-Дөбө, А.Суеркулов, Үч-Терек айыл өкмөттөрүндө аткарылган иштер боюнча долбоордун Токтогул району боюнча коучери Ж.Тукеналиева маалымат берди.
Долбоордун өкүлдөрү тарабынан жолугушууга катышкандарга кеңештер берилип, алдыдагы пландары жана мүмкүнчүлүктөрү менен бөлүшүп, талкуулашты.
Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев долбоордун жетекчилигине терең ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташууга даярдыгын билдирди.
Бул жолугушууга Токтогул шаарынын мэри, Кетмен-Дөбө, А.Суеркулов, Үч-Терек айыл өкмөттөрүнүн башчылары, ФЭБ башчылары жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери катышты.

Leave a Reply