Элмирбек Иманалиев айыл аймагына грейдер техникасы тапшырылды

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Элмирбек Иманалиев айыл аймагына грейдер техникасын тапшырды. Грейдер техникасы 7 млн сомго сатылып алынды. Каржылоо булагы, райондук өнүктүрүү фодусунан 5 млн сом, “Атайын эсеп” мамлекеттик мекемесинен 1 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом.

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев жаңы шайланган жергиликтүү кеңештердин төрагалары менен жолугушту

Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев жаңы шайланган жергиликтүү кеңештердин төрагалары менен жолугушту. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев жолугушууда жергиликтүү кеңештердин төрагаларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары менен биргеликте, ынтымакта айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, көйгөйлүү маселелерин чогу чечүүгө жана мыйзам талаптарын так сактап иш алып барууга чакырды.

Толук окуу…

“Биз зомбулукка каршыбыз” аттуу жөө жүрүш уюштурулду

Райондук мамлекеттик администрациянын 2024-жылдын 22-ноябрындагы “Зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” аттуу акцияны уюштуруу боюнча бекитилген иш-чаралар планынын негизинде “Биз зомбулукка каршыбыз” аттуу жөө жүрүш уюштурулду. Жүрүшкө № 1 Токтогул, № 2 Ж.Бөкөнбаев, № 28 Т.Ормонбеков мектептеринин окуучулары, райондук мамлекеттик администрациянын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук эмгек,…

Толук окуу…

Алыскы аймактардан каттап окуган окуучулар үчүн чакан автобустар бөлүнүп берилди

Алыскы аймактардан каттап окуган окуучулар үчүн чакан автобустар бөлүнүп берилди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы N712 Тескемесинин негизинде “Евразия” эл аралык кызматташтыгы аркылуу Үч-Терек айыл аймагынын Такталык айылындагы жана Э.Иманалиев айыл аймагынын Чоргочу айылындагы мектептерине чакан автобустар бөлүндү. Кичи автобустар райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин…

Толук окуу…

“Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоору жөнүндө жыйын өттү

2024-жылдын 2-декабрь күнү райондук мамлекеттик администрациясынын чоӊ жыйындар залында Дүйнөлүк банк каржылаган “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоору жөнүндө жыйын өттү. Жыйында “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоорунун максаты жана мүмкүнчүлүктөрү туурасында Агробизнестин атаандыштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Беков Торогул Ниязович маалымат берип, дыйкан-фермерлердин суроолоруна жооп берди. Жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев,…

Толук окуу…

“Тарыхый акыл-эс агымынын чагылдырылышы” аттуу илимий-практикалык конференция өттү

Тарыхчы, журналист жана публицист, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Токтогул районунун Ардактуу атуулу, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиевдин катышуусунда анын чыгармаларындагы “Тарыхый акыл-эс агымынын чагылдырылышы” аттуу илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чарада “Арслан Койчиевдин жаңы кыргыз адабиятына кошкон салымы” жана “Арслан Койчиевдин өмүр сапары” темасында докладдар окулуп, анын “Беделдеги каргыш” (Мисмилдирик) чыгармасынан…

Толук окуу…

Райондун аймагында түнкү рейддер жүргүзүлүүдө

Райондун аймагында түнкү рейддер жүргүзүлүүдө Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасында ар кандай кылмыштуулукту, укук бузууларды, жол транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында түнкү рейддер уюштурулууда.

Толук окуу…

Токтогул райондук ички иштер бөлүмү түшүндүрүү иш-чарасын жүргүздү

Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер менен биргеликте Токтогул районунун аймагындагы Мүлкүбөт атындагы орто мекетебинде жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын, зордук-зомбулуктардын, кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иш-чарасын жүргүзүштү. Ар кандай кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу максатында кечки рейддер да жүргүзүлүүдө.

Толук окуу…