Жылдын мыктылары аныкталды

Токтогул шаарындагы №2 Бөкөнбаев атындагы билим берүү мекемесинде Токтогул районунун аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арасында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин “Жылдын мыкты мугалими-2026”, “Жылдын мыкты тарбиячысы-2026” Республикалык конкурстарын өткөрүү жөнүндөгү Жоболорду бекитүү тууралуу 2023-жылдын   23-декабрындагы №703 токтомуна ылайык, Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн 2026-жылдын                               3-мартындагы №15 буйругунун негизинде “Жылдын мыкты мугалими-2026”, “Жылдын мыкты тарбиячысы-2026” райондук этабын жыйынтыктоо жана сыйлоо аземи өттү.
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А. Тюкебаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Олжобаев жана жалпы мектеп, бала бакча директорлору, мугалимдер катышты.
Мектептерден жалпы 48 мугалим катышып, райондук этабына мектептерден 19 мугалим, бала бакчалалардан
8 тарбиячы өттү. Ар бир предметтен бирден мугалим тандалып, 13 мугалим, бала бакчалалардан 1 тарбиячы,                         1 музыкант областтык этабына жолдомо алышты.
Жеңүүчүлөргө райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Leave a Reply