Үч-Терек, Элмирбек Иманалиев автоунаа жолу жасалууда

Районубузга тийешелүү Үч-Терек, Элмирбек Иманалиев автоунаа жолу жасалып жатат. Аталган жол N30 жол тейлөө ишканасы тарабынан жасалууда. Үч-Терек, Элмирбек Иманалиев автоунаа жолунун жалпы узундугу 71 чакырымды түзөт, анын ичинен 22 чакырымы асфальтталган. Калган 49 чакырымын оңдоп түзөө иш-аракеттери N30 жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын Коллегиясынын отуруму болуп өттү

2-апрель 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын Коллегиясынын отуруму болуп өттү. Күн тартибинде: 1. Райондо 2024-жылы жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктарды көрүү жөнүндө; 2. А.Бердалиев атындагы N39 кесиптик лицейинин ишмердүүлүгү жана КР Президентинин Жарлыктарынын аткарылышынын абалы жөнүндө маселелер каралды. Аталган маселелер жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат кызматкерлери тарабынан маалыматтар берилип, талкууланды.…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациянын алдындагы коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу маселелери боюнча Координациялык кеңешменин отуруму болуп өттү

2024-жылдын 2-апрелинде Токтогул райондук мамлекеттик администрациянын алдындагы коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу маселелери боюнча Координациялык кеңешменин отуруму болуп өттү. Күн тартибинде: 1. “Райондогу мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана ФАПдарда жарандардын акысыз медициналык кызматтардан пайдалануу укугу жөнүндө”; 2. Прокуратура органдарынын приоритеттүү багыттарынын негизинде, райондун аймагындагы балдар…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаевдин жарандарды жеке кабыл алуусу уюштурулду

2024-жылдын 2-апрель күнү райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-акимдин жеке кабыл алуусу уюштурулду. Райондун тургундары турак-жайга жер бөлүп берүү, жерди документтештирүү, жердин багыты боюнча пайдалануу, жер талаш жана жумушка орноштуруу боюнча маселелер менен кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга кеңештер берилди жана тиешелүү мекеме жетекчилерине тапшырмалар коюлду. Башчы-акимдин жеке кабыл…

Толук окуу…

Ички каналдардын сугат иштерине даярдыгы текшерилди

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов вегетациялык мезгилге даярдыктын абалы боюнча Үч-Терек, Абды Суеркулов, Кетмен-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн жана Токтогул шаарынын аймагындагы ички каналдардын сугат иштерине даярдыгын текшерди. Текшерүүнүн жыйынтыгында айрым каналдарды тазалоо иштери чабал жүргүзүлгөндүгү аныкталып, айыл өкмөт башчыларына 2024-жылдын 1-апрелине чейин сугат иштерине тиешелүү деңгээлдеги даярдыкка келтирүү…

Толук окуу…

Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду

Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгүнүн жол жээктери, Токтогул шаарынын эс алуу паркы, баардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коомдук жайлардын айланасы, көчөлөр, жол жээктери тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, айыл өкмөттөрдүн, шаардык мэриянын эмгек жамааттары тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгарылууда.

Толук окуу…

Токтогул шаарындагы А.Козубеков атындагы эс алуу паркында ишембилик уюштурулду

Бүгүн 29-март 2024-жылы Токтогул шаарындагы А.Козубеков атындагы эс алуу паркында ишембилик уюштурулду. Эс алуу паркын тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, мэриянын эмгек жамааттары тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, таштандылар чыгарылууда.

Толук окуу…

Кургак учукту бирге жеңели

Жыл сайын 24-март кургак учукка каршы күрөшүү күнү катары белгиленип келет. 24-февралдан 24-мартка чейин “Кургак учукка каршы күрөшүү” боюнча бир айлык өнөктүк жарыяланып, медицина кызматкерлери, айылдык ден соолук комитетинин мүчөлөрү тарабынан лекциялар окулуп, баракчалар таркатылып, “Кургак учук” илдети жөнүндө кеңири маалыматтар берилди. Медицина кызматкерлери, АДК мүчөлөрү, ИСИТО колледжинин студенттери менен…

Толук окуу…

“Ден соолук – 2024” мугалимдер спартакиадасынын райондук этабы өткөрүлүүдө

Райондогу 42 мектептин мугалимдеринин ортосунда “Ден соолук – 2024” мугалимдер спартакиадасынын райондук этабы №1 Токтогул, №2 Ж.Бөкөнбаев, №4 Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясында жана №6 Мүлкүбат атындагы орто мектептеринде өткөрүлүп жатат. Спартакиадада спорттун 4 түрү боюнча оюн болууда. Волейбол боюнча: – эжекелер командасынан 12; – агайлар командасынан 5; – 40 жаштан…

Толук окуу…