2024-жылдын 2-апрелинде Токтогул райондук мамлекеттик администрациянын алдындагы
коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу маселелери боюнча Координациялык кеңешменин отуруму болуп өттү.
Күн тартибинде:
1. “Райондогу мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана ФАПдарда жарандардын акысыз медициналык кызматтардан пайдалануу укугу жөнүндө”;
2. Прокуратура органдарынын приоритеттүү багыттарынын негизинде, райондун аймагындагы балдар арасындагы кылмыштуулуктун, укук бузуучулуктун, өзүн-өзү өлтүрүүнүн, эрте никеге туруунун, бангиликтин жана аракечтиктин алдын алуу боюнча ар бир тийиштүү мекемелер тарабынан түзүлгөн иш-мерчемдерин талкулоо” жөнүндө маселелер каралды.
Аталган маселелер жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат кызматкерлери тарабынан маалыматтар берилип, талкууланды.
Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев тарабынан күн тартибиндеги маселелер боюнча тапшырмалар берилип, атайын мөөнөттөр коюлду.