Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын Коллегиясынын отуруму болуп өттү

2-апрель 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын Коллегиясынын отуруму болуп өттү.
Күн тартибинде:
1. Райондо 2024-жылы жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктарды көрүү жөнүндө;
2. А.Бердалиев атындагы N39 кесиптик лицейинин ишмердүүлүгү жана КР Президентинин Жарлыктарынын аткарылышынын абалы жөнүндө маселелер каралды.
Аталган маселелер жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат кызматкерлери тарабынан маалыматтар берилип, талкууланды.
Коллегиянын отурумунун башталар алдында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл” юбилейлик медалы райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Э.Апит уулуна жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Н.Молдомусаевге тапшырылды.
Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев тарабынан күн тартибиндеги маселелер боюнча тапшырмалар берилип, атайын мөөнөттөр коюлду.

Leave a Reply