Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаевдин жарандарды жеке кабыл алуусу уюштурулду

2024-жылдын 2-апрель күнү райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-акимдин жеке кабыл алуусу уюштурулду. Райондун тургундары турак-жайга жер бөлүп берүү, жерди документтештирүү, жердин багыты боюнча пайдалануу, жер талаш жана жумушка орноштуруу боюнча маселелер менен кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга кеңештер берилди жана тиешелүү мекеме жетекчилерине тапшырмалар коюлду.
Башчы-акимдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.

Leave a Reply