17-ноябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосунда кантип добуш берүү керек?

17-ноябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосунда кантип добуш берүү керек? Шайлоого Кыргызстандын 18 жаштан жогору жарандары катыша алат. Шайлоо куну сиз: · эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштеген өзүңүздүн шайлоо участкаңызга келишиниз керек. · Шайлоо тизмесинен өзүңүздү табыңыз. · Операторго паспортуңузду көрсөтүңүз. Ал ID-карта же чет өлкөгө чыга турган…

Толук окуу…

Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын шайлоого даярдыктары текшерилди

Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата даярдыктарын жеринен текшерди. Андан сырткары айылдагы бир катар социалдык объекттердин (спорт комплекс, ФАП, бала бакча) курулуш иштеринин жүрүшүн жеринде көрүп, аткарылып жаткан иштерди тездетүү боюнча Кетмен-Дөбө айыл өкмөт башчысы Б.Багымбаевге тапшырды.

Толук окуу…

2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана милдеттери жөнүндө МААЛЫМАТ

2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана милдеттери жөнүндө             МААЛЫМАТ   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы №14-т тескемеси, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2024-жылдын 19-февралындагы №27-б буйругу жетекчиликке алынган жана Токтогул районунун 2024-жылга иш-чаралар Планы бекитилип, райондун аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациянын секторлорунун Жобосун жана кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин бекитүү жөнүндө

ТРМАнын секторлорунун Жобосун жана кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин бекитүү жөнүндө

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду

2024-жылдын 11-ноябрь күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду. Райондун тургундары тарабынан турак жай салуу үчүн жер, жөлөк пул, баатыр энелерге жеңилдиктер, декреттик төлөмдөр, жер талаш маселелери жөнүндө кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Эскерте кетсек, Башчы-акимдин жеке кабыл…

Толук окуу…

Жаштар күнүнө карата 9-10-11-класстардын окуучуларынын арасында интеллектуалдык таймаш уюштурулду

Жаштар күнүнө карата 9-10-11-класстардын окуучуларынын арасында интеллектуалдык таймаш уюштурулду. Таймашка Ж.Бөкөнбаев, Т.Ормонбеков, Манас, У.Артыкбаев, А.Ибраимов, Мүлкүбат, К.Чодошев мектептеринин окуучулары катышышты. Жыйынтыгында 4-орунга Манас, 3-орунга Ж.Бөкөнбаев, 2-орунга А.Ибраимов, 1-орунга Токтогул мектебинин командалары ээ болушту. Ал эми Т.Ормонбеков, К.Чодошев, Мүлкүбат мектептеринин окуучулары кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты. Иш-чара райондук маданият бөлүмүнүн уюштуруусу менен…

Толук окуу…

Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата майрамдык иш-чара Токтогул шаарынын борбордук аянтында уюштурулду

Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата майрамдык иш-чара Токтогул шаарынын борбордук аянтында уюштурулду. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Т.Нусупова, А.Бердалиев атындагы N 39 кесиптик лицейдин, ИСИТОнун Токтогул кесиптик колледжинин студенттери, мектеп окуучулары катышышты. Майрамдык иш-чарада акимдин орун басары А.Нават кызы жаштарды куттуктап, райондун…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаевдин 10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата куттуктоосу

“Урматтуу жаштар! Кымбаттуу келечек ээлери! Сиздерди 10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү менен куттуктайм! Жаштар — коомубузду жаңылоонун, өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы. Учурдун жаштары заман талабына ылайык активдүү, илим-билимге жакын, жаңылыктарды жаратууга дилгир муун катары жетилип келатат. Жаш мекендештерибиз өлкөбүздүн экономикасын, спорт, маданият, чарба тармактарын өнүктүрүүгө чоң салым кошууда. Жаштарды…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими Акылбек Тюкебаевдин 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата кайрылуусу

“Урматтуу районубуздун жашоочулары! Өлкөбүздө 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү. 7-8 ноябрь – бул элибиздин жашоосундагы негизги тарыхый окуяларды эске салган күн. Бул күндөрү эл башынан өткөргөн окуялар, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн башатында турган патриоттор, тарыхта көрүнүктүү из калтырган карапайым адамдар жана өлкөбүздүн тарыхын жараткан инсандар эскерилет. Биздин ата-бабаларыбыз татаал…

Толук окуу…