Терек-Суу жана Чоң-Арык айылдарында жеке ишкерлик менен алектенген жарандарга ишкерлик жаатындагы ченемдик укуктук актылар боюнча түшүндүрмө жүргүзүлдү

Токтогул районунун прокуратурасынын демилгеси менен 2024-жылдын 23-ноябрь күнү райондун борборунан алыс жайгашкан Терек-Суу жана Чоң-Арык айылдарында жеке ишкерлик менен алектенген жарандар менен Токтогул райондук салык кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда жеринде таанышуу жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө”, “Ишкердик субьекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө”, “Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субьектилерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралу”, “Ишкердик субьектилерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун көрсөтмөсү тууралуу жана ишкердик субьектилеринин укугун коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актылар боюнча түшүндүрмөлөр жүргүзүлдү.
Жолугушуу суроо жооптор менен коштолуп, ишкерлер өздөрүнө керектүү маалыматтарды ала алышты.

Leave a Reply