“Кетмен-Төбө өрөөнүнүн бал-аарычылар биримдиги” коомдук бирикмесинин жыйыны болуп өттү

Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында “Кетмен-Төбө өрөөнүнүн бал-аарычылар биримдиги” коомдук бирикмесинин жыйыны болуп өттү.
Жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, райондогу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана коомдук бирикменин мүчөлөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө райондо бал сактоочу соода логистикалык борбор куруу үчүн жер тилкесин бөлүү, бал продукциясын ветеринардык башкармалыктын рээстрине киргизүү жана Кыргызпатенттен региондук илгерилетүү саясатынын алкагында товардык белгилерди, балды географиялык көрсөткүчтөрдү каттоого киргизүү, күбөлүк алуу маселелери талкууланды.

Leave a Reply