Э.Иманалиев, Үч-Терек айыл өкмөттөрүндө үймө-үй кыдыруу жүргүзүлдү

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул алуучулардын даректүүлүгүн тактоо, багар-көрөрү жок жана аз камсыз болгон жарандардын жашоо-шартынан кабар алуу максатында Э.Иманалиев, Үч-Терек айыл өкмөттөрүндө үймө-үй кыдыруу жүргүзүлдү. Үймө-үй кыдыруу учурунда үй бүлө мүчөлөрү менен баарлашуу жүргүзүлүп, жөлөкпул алуудагы даректүүлүк, үй бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу ж.б.у.с. маселелер боюнча түшүнүктөр берилди. Кыдырууга райондук мамлекеттик администрациянын,…